Хемосорбция

Википедия дан

Хемосорбция – валенттик химиялык күчтөр таасири астында жүрүүчү адсорбция. Х. кадимки химиялык реакциядан айырмалап, фазанын көлөмдүк тереңдигинде жүрбөгөн, химиялык бирикмени пайда кылуу процесси катары аныктаса болот. Х. айырмаланган өзгөчөлүктөрү: спецификалык аз аракеттешүүсү; тиешелүү химиялык реакция жогорку маанидеги жылуулуктары (40-400 кДж/моль) жана мындай процесс кайталанбастыгы. Х. байланыш адсорбциялык борбордо топтолот да көбүнчө адсорбат менен адсорбент атомдору же молекулалары ортосундагы химиялык реакция натыйжасы катары каралат. Х. тез жүрөт, анын ылдамдыгы температурага көз каранды, бул активациялык тоскоолдун бар экендегине күбө болот. Х. активациялык энергиясынын мааниси 40-80 кДж/моль түзүшү мүмкүн. Гетерогендик катализде Х. химиялык өзгөрүгө гана алып келүүчү стадия катары карашат. Х. газ аралашмаларын терең тазалоодо, электро-вакуум техникасында жана башка колдонушат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]