Хемотроника

Википедия дан

Хемотроника - автоматиканын, өлчөө жана эсептөө техникасынын, приборлордун түзүлүштөрүн иштеп чыгуу жана колдонуу маселелерин изилдөө боюнча иш жүргүзүүчү илимий-техникалык багыт: ал электрод - электролит аркылуу электр тогун өткөргөндө алардын чегинде пайда болуучу электр-химиялык процесске жана кубулушка негизделген.

Хемотроника электрод катмарындагы электролиттин активдүү компоненттеринин коннентраниясынын өзгөрүшүн. электр-осмос кубулушун ж. б-ны колдонот. Жөнөкөй хемотрон прибору электролит толтурулуп, эки электрод жашаштырылган кичинекей жылчыксыз айнек идиштен турат. Мында электролит үчүн сууга эритилген кислота, туз жана негиз алынат. Хемотрон приборунда ион өткөрүмдүүлүгү өтө жогору болгон катуу электролитти колдонуу натыйжалуу. Хемотрон приборунун негизинде жышт. 10-7 - 10 гц диапазондо иштөөчү кичинекей күчөткүч, түзөткүч, убакыт релеси, интегратор, сызыктуу эмес функциялык өзгөрткүч, ылдамдануу, ылдамдык, температуpa билдиргичтер, дирилдөөнү өлчөгүч, индикатор ж. б. приборлор жана түзүлүштөр жасалат. Хемотрон приборлору электрмеханикалык. электр-магнит жана электрондук приборлордон жогорку сезгичтиги, аз кубаттуулукта иштеши, чуунун аздыгы жана жогорку ишенимдүүлүгү менен айырмаланат. Хемотрониканын өнүгүшү электр-химиялык, электр-техникалык, электроника микроэлектрониканын. таза жана өтө таза металлдарды алуу технологиясынын жетишкендиктерине негизделген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.