Хеппенинг

Википедия дан

Хеппенинг (англ. happening) - художник катышып, бирок ал тарабынан толук башкарылбаган иш-аракеттерди, окуяларды же кырдаалдарды билдире турган заманбап искусство формасы.

Хеппенингде импровизация, сценарий деген болбойт. Хеппенингдин милдеттеринин бири - художник менен көрөрмандын ортосундагы ажырымды жөнгө салуу. Хеппенингдин негиздөөчүсү - Жон Кейдж (1952). Кокустуктар жөнүндөгү элестерге ылайык Хеппенингдерди адатта «спонтандык сюжетсиз театралдык окуялар» деп аташат. Термин 1958-ж. Кейждин окуучусу Аллан Капроу тарабынан сунушталган. Ал көркөм искусстводогу салттуу принциптер менен бир өнчөйлүктөн баш тарткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4