Плутарх

Википедия дан
Херонейлик Плутарх‎»‎ барагынан багытталды)
Плутарх
Плутарх

Плутарх [байыркы грекче Πλούταρχος 46 ж. чен, Грекия, Херонея (Беотия) – 127-ж. чен, Грекия, Делфы (Фокида)] – байыркы грек жазуучусу, тарыхчы жана философ. Афиныдан энциклопедиялык билим алып, анын ардактуу жараны болгон. Грекияны бүт кыдырып, Рим менен Александрияга барган. Философияда Плутарх платонизм салтына кошулуп, философияны системалуу илим катары эмес, ар тараптуу билимдүүлөрдүн өзүн өзү тарбиялоочу куралы катары караган. Чыгармаларында моралдык маселелерди көбүрөөк козгогон. Гректердин жана римдиктердин көрүнүктүү адамдары жөнүндөгү (70 таржымал, бизге жеткени 50), көлөмдүү тарыхый материалдар камтылган «Салыштырма турмуш баяны» деген эмгектин автору. Бизге жеткен бир топ чыгармалары «Адеп-ахлах» деген шарттуу ат менен бириктирилген. Ал Рим империясын жактаган.

Плутарх-(45-ж.ченде — 127-ж.ченде) — пифагорейчилик типтеги платоник. Ал тарыхый, философиялык, адеп-актык темадагы көптөгөн чыгармалардын автору.

«Салыштырмалуу өмүр баяндар» эмгеги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын көбүрөөк белгилүү болгон эмгеги — «Салыштырмалуу өмүр баяндар» деп аталат. Мында Байыркы Греция менен Римдин ири ишмерлери — Александр Македонский менен Цезардын, Демосфен менен Цицерондун, Ликург менен Нумдун жана башкалардын өмүрү жана ишмердүүлүктөрүн кошуу менен салыштырылып баяндалат. Бул өмүр баяндарды жазуу менен бирге Плутарх философиялык, ошондой эле турмуштук мүнөздөгү, адеп-актык пландагы көптөгөн кызыктуу ой-пикирлерди да айтат. Императорлор өзүнүн саясый бийлигин бекемдеп, сактап калуу максатында бири-бирине өз досторун жана туугандарын чыккынчылык менен кармап берип турган абалды сүрөттөй келип, Плутарх мындай деп жазат: «Алар ушунчалык кутуруп кетишкендиктен адамча ойлоо жөндөмдүүлүгүнөн ажырап калышты, мындан жакшыраак айтканда, өзүндө жамандык ышкылыктар менен мансапкорлукту айкалыштырып турган адамдан ашкан жырткыч жок экендигин көрсөттү» [Тандалган өмүр баяндар. II т. 562-6].

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Салыштырмалуу өмүр баяндардан» башка да Плутарх адеп-актык темаларда да чыгармаларды жазган, атап айтканда, анын «Жубайларга насыйкат» деген чыгармасы бар, мында ал бекем никелик байланышты сактоо максатында күйөө менен аялга алардын жүрүм- турумдары жөнүндө өз кеңеш-сунуштарын берет.
Мындан башка да Плутарх «Жети акылмандын үлпөтү» деген чыгарманы да жазган, мында ал тарыхый-философиялык жана социалдык проблемаларды көтөрөт. Бул чыгармасында ал батыш оюнун алгачкы акылмандары деп эсептелген Байыркы Грециянын ойчулдарынын жолугушууларын жана субхаттарын сүрөттөп жазат. Аларга төмөнкүлөр таандык: Фаллес, Биант, Питтак, Солон, Клеобул, Хилон, Анахарсис. Бул акылмандарга таандык болгон Периандды Плутарх өзүнүн тегерегине акылмандарды топтогон тиран, шаар башчысы катарында көрсөтөт.
Өзүлөрүнүн субхатында бардык акылмандар бир гана суроого жооп беришет. Кайсы мамлекет эң жакшы мамлекет деген суроого алар төмөнкүчө жооп кайтарышат. Солон: «Элдин бийлиги баарынан жакшы жана баарынан бекем болгон, мазактаганды мазакталган адам гана эмес, мазакталбаган адам да сотко чакырып, жазага тарта турган мамлекет жакшы». Фалес: «Кедейлери да, ашкере байлары да жок мамлекет эң жакшы мамлекет». Биант: «Мыйзамдан тирандан корккондой корккон жерде элдик бийлик эң бекем бийлик болот». Питтак: «Келесоолор башкарбай турган, жакшылар башкарбай койбой турган мамлекет жакшы мамлекет». Хилон: «Калкы чечендерди аз тыңшап, мыйзамдарды көп тыңшаган мамлекет эң жакшы мамлекет». Анахарсис: «Жакшылыкты көбүрөөк урматтаган, кемчиликтерди жээриген, калган бардык нерселерди тең бөлүшкөн жердеги мамлекет баарынан жакшысы». Клеобул: «Адамдары мыйзамга караганда уяткаруудан көбүрөөк корккон эл эң акылдуу эл» [Чыгармалар. 373-374-6.]. Плутархтын тарых жана адеп-актык маселелери боюнча оң көз караштары философтордун кийинки муундарына чоң таасир көрсөткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8 Archived 2021-07-16 at the Wayback Machine