Цицерон

Википедия дан
Opera omnia, 1566

Цицерон Марк Туллий (Б.з.ч. 3.1.106, Арпинум, - б.з.ч.7.12.43, Формия) - ири рим саясатчысы, философу жана чечен.

Чыгармачылыгы:
Ц-дун 100дөн ашык саясий жана сотто чыгып сүйлөгөн сөздөрү жарыяланган, алардын ичинен 58 гана сакталап калган. Ошондой эле бизге риторика, саясат жана философия боюнча 19 трактаты жеткен. Ц-дун 800дөй каты сакталган, бул каттарда биографиясы менен катар республика доорунун сонундагы рим коому тууралуу баяндалат. Анын философиялык трактаттары ошол замандагы философия мектептердин, стоик, академик, эпикурчулардын, окууларын толук жана эч бурмалоосуз чагылдырат.
Ц-дун эмгектери дин ойчулдарына, асыресе, Ыйык Августин, кайра жаралуу доорунун жана гуманизмдин өкүлдөрүнө (Дидро, Вольтер, Руссо, Монтескье) чоң таасир тийгизген.