Химиялык байланыш

Википедия дан

Химиялык байланыш - химиялык жактан туруктуу болгон молекула, кристаллдар, комплекстер ж. б. заттарды түзүүнү шарттаган атомдордун өз ара тартылуусу.

Химиялык байланыш өз ара аракеттенишкен атомдордун электрондук катмарынын кайра түзүлүшү менен ишке ашат. Атомдордогу мындай өзгөрүү заттардын физикалык жана химиялык касиеттеринин өзгөрүшүнө алып келет. Атомдун валенттүүлүгү коңшу атом менен түзгөн байланыш санын көрсөтөт. Химиялык байланыштын негизгилери - иондук жана коваленттик байланыштар. Иондук байланыш бири биринен өтө айырмаланган атомдордун ортосунда, бир атомдон экинчи атомго валенттүү электрондордун өтүшүнөн пайда болот. Коваленттик байланыш химиялык жактан бири биринен айырмаланбаган же өтө аз айырмаланган атомдордун ортосунда болуп, атомдордун тышкы катмарында электрондордун жалпыланышынан пайда болот. Булардан тышкары суутек байланышы, металлдык байланыш ж. б. белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4