Химиялык булалар

Википедия дан

Химиялык булалар — табигый жана синтет. полимерден алынган була-лар. Аларды өндүрүүдөгү баштапкы сырьёлор түрлөрүнө жараша X. б. жасалма жана синтет. болуп экиге бөлүнөт. Жасалма булалар кээ бир табигый ири мол. массалуу бирикмелер, негизинен цемюлозадан алынат. Жасалма булалар өндүрүүдө целлюлозадан башка ар түрдүү химикаттар: щелочтор, күкүрт к-тасы, көмүртек сульфиди, уксус ангидриди, ацетон жана башка талап кылынат. Жасалма булаларга вискоза, ацетат жана жез аммиак булалары тиешелүү. Синтездик булалар химиялык заводдо алынган ири мол. массалуу бирикмеден (полимерден) даярдалат. Мындай полимердин баштапкы продуктулары болуп ацетилен, а-олефиндер, эки негиздүү кислоталар, диаминдер эсептелет. Бул продуктулар өз учурунда табигый жана нефть менен кошо чыгуучу газдар, таш көмүр чайырынан алынат. Демек, синтет. булалар химиктер колунан гана жаралып, аларга капрон, найлон, нитрон, лавсан, поливинилхлорид, полипропилен жана башка тиешелүү. X. Б. табигый булаларга кошуудан жаны текстиль буюмдары даярдалат, натыйжада буюмдар сапатын жана тышкы көрүнүшүн жакшыртат. X. Б. даярдоо үч стадиядан турат: ийрилүүчү эритмени даярдоо, формага келтирүү, буюмдарды кооздоо. X. б. бырышпайт, формасын жакшы сактайт, ным, жарык, жылуулук таасирине туруктуу келет жана алардан даярдалган кездемелер өтө бышык болуп, табигый буладан арзанчылыгы менен айырмаланат. Ошондуктан X. б. көп өндүрүлүп, табигый жибек, кендир жана жүн ордуна колдонулуп жатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]