Мазмунга өтүү

Химиялык физика

Википедия дан

Химиялык физика. Химиялык менен жалпылыгы бар физ-нын тармагы (кванттык механика, атомдор жана молекулалар электрондук теориясы) менен химиялык ортосунда пайда болгон илим. Биринчи жолу «Х.ф.» деген терминди А.Эйкен киргизип, «Химиялык физика» курсун жазган (1930-ж. В.Н.Кондратьев, Н.Н.Семенов жана башкалар). «Электрондук химияны» жазып белгилүү бир денгээлде «Х.ф.» термининин маанисин ачууга жетишкен. 1931-ж. СССР илимдер Академиясында Химиялык физ. институту уюштурулган. «Х.ф.» милдети физ-нын теориялык жана эксперименттик жаны методун химиялык проблемаларга, атап айтканда, заттар түзүлүшү жана айланышы ж-дөгү маселелерге колдонуу болуп саналат. Х. ф. негизги изилдөө багыты: 1) атом электрондук денгээлинин түзүлүшү; 2) валенттүүлүк, химиялык күчтүн жана молекулалар ортосундагы байланыш мех. жаратылышы; 3) молекулалар түзүлүшү, алардын геометриясы, электрдик, магниттик жана оптикалык касиеттери; 4) кристаллдар, суюктар, эритмелер, адсорбциялык катмар, иондор сольватациясынын түзүлүшү жана касиеттери; 5) молекулалар динамикасы, мол. спектр, мол. константа, атомдор жана молекулалар дүүлүгүшү, бөлүкчөлөр (атом, ион, мол-лар) кагылушуусундагы энергиянын алмашышы; 6) химиялык кинетика-жылуулук, жарык кванттары, электрон кагылышуунун таасири астында жүрүүчү элементардык химиялык актылар жаратылышы; эркин радикалдар, дүүлүккөн молекулалар жана башка лабилдүү бөлүкчөлөр касиеттери; химиялык активдешүү жаратылышы жана ар түрдүү бирикмелер реакцияга жөндөмдүүлүгү кванттык-мех. теориясы. Фотохим. разряддагы реакциялар, күйүүнүн жана жарылуунун теориясы. Азыркы мезгилде Х.ф. методун колдонуу, агрегаттык абал жана адсорбция ж-дөгү окуу өзүнүн формалдуу мүнөзүн жоготуп, заттар түзүлүшүнүн электрондук көз карашына жана кванттык мех. теориясына көбүрөөк таяна баштады. Термодинамикалык эсептөөлөргө молекулалар динамикалык мүнөздөмөлөрү киргизиле баштады; электр-хим-га жана дат басуу ж-дөгү окууга кинетикалык маселелер киргизилди. Ушунун натыйжасында химиялык кинетика, физ. хим-нын тар жана формалдуу областынан, химиялык айланыштар жараталышын изилдей турган илимдин өзүнчө чон тармагына айланды.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]