Химиялык эквивалент

Википедия дан

Химиялык эквивалент — суутек бир масс. бөлүгү же кычкылтек 8 масс. бөлүгү менен калдыксыз толук реакциялашкан же бирикмедеги суутек бир масс. бөлүгүн же кычкылтек 8 масс бөлүгүн алмаштыра алган элемент массасы. Ошондуктан эквивалент законуна ылайык элементтер дайыма белгилүү X. э. жооп берген массалык үлүштөрү менен гана өз ара аракеттенишет. Ат. м., эквивалент жана валенттүүлүк байланышы төмөнкү катышка жооп берет: Э=А/В же А=Э-В же В=А/Э. Мында, Э — элемент эквиваленти; А — ат. салм.; В — валент-түүлүгү (окистенүү даражасы). Демек, бирикмелер эквивалентин табуу үчүн анын мол-лык массасын бирикме пайда кылган металл валенттүүлүгүнө, к-та эквивалентин металл менен орун алмашууга жөндөмдүү суутек атомунун санына (к-та негиздүүлүгү санына); ал эми негиздер эквивалентин гидроксил тобунун санына (негиздерд к-талуулугу санына) бөлүү аркылуу табышат. X. э. эритмелер концентрациясын туюндурууда, химиялык формулалар жана реакциялар боюнча стихиметриялык эсептөөлөрдө кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]