Хината Хүга

Википедия дан

Хината Хүга (жап. 日向 ヒナタ Hyūga Hinata) - Масаси Кисимото ойлоп чыгарган "Наруто" (англ. Naruto) аниме жана манга франшизасынын каарманы. Хината чыныгы дүйнөдө жок болгон Конохагакуре кыштагындан чыккан өспүрүм куноичи. Хината Киба Инузука, анын Акамару атту нинжа ити, Сино Абурамэ жана топтун лидри Курэнай Үхиден турган 8-топтун мүчөсү. Сериялардын башында Хинатага анименин башкы каарманы Наруто менен суктанчу, кийин, окуя өрчүгөн сайын Хинатанын сезимдери чоң сүйүүгө айланган. Хината аниме сериалдардын негизинде тартылган тасмаларда жана франшизага байланыштуу болгон башка медиаларда, видео оюндарда жана оригиналдуу анимацияларда катышкан, алардын ичинде: Наруто менен Хината ортосундагы мамилеси баяндалып кеткен "Акыркы: Наруто тасмасы" (англ. The Last: Naruto the Movie) жана манга жанрындагы "Боруто: Нарутонун кийинки мууну" (англ. Boruto: Naruto Next Generations) аталыштагы анименин уландысында үй кожойкеси катары көрсөтүлөт.

Хината каармандын үнүн түп нуска жапон серияларында Нана Мидзуки коштогон, ал эми англис тилиндеги адаптациясында Стефани Шех.Хината каарманы оң сын-пикирлерге ээ болгон, өзгөчө анын "Акыркы: Наруто тасмасы" анимедеги оюну үчүн.

Түшүндүрмөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сюжетте[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]