Хионосфера

Википедия дан

Хионосфера (гр. chion - кар жана сфера) - тропосферанын бир бөлүгү.

Жерди курчап турган Хионосферанын калыңдыгы 10 км. Үстүнкү чеги эң бийик тоолордун деңгээлинен жогору; төмөнкү чеги тоо чокулары менен кесилишкен жеринде кар чегине туура келет. Уюлдарда деңиз деңгээлине чейин төмөндөп, экваторду карай бийиктейт. Хионосферанын төмөнкү чегине жетип же анын катмарына кирип турган гана жердин бетинде кар топтолууга мүмкүндүк болуп, мөңгү пайда болот. Кыргызстандын аймагында Хионосферанын төмөнкү чеги болжол менен 4000-5000 м бийиктикте.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4