Хлораттар

Википедия дан

Хлораттар — хлорат к-тасынын (НСЮ3) туздары; кристаллдар. Кадимки темп-рада туруктуу, ысытуудан жана катализатор катышуусунда кычкылтекти бөлүп чыгарып ажырайт. Х. көбү сууда, кээ бири орг. эриткичтерде жакшы эрийт; оңой окистенүүчү заттар менен жарылгыч аралашмаларды пайда кылат. Калий хлораты (бертоллет тузу), КСlO3, 1786-ж. К. Л. Бертолле 1-жолу KOH конц. эритмесинен хлорду өткөрүүдөн алган. Тыгызд. 2,344 г/см3 ; эрүү 1370оС. Ширенке өндүрүп чыгаруу, пиротехникада колдонулат. Натрий хлораты, КСlО3 тыгызд. 2,49 г/см3 ; эрүү 248 оС, хлор кош окисин алууда колдонулат. Кальций Са(СlO3)2, магний Мg(СlО3)2 хлораттары ным тарткыч, суу менен кристаллогидраттар пайда кылат. А. ч-да гербицид катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]