Мазмунга өтүү

Хлорбензол

Википедия дан

Хлорбензол — бензол шакекчесиндеги суутек бир атому хлорго алмашылган бензол. Ал — мүнөздүү жыты бар түссүз суюктук. Кайноо t 131,7о ; сууда эрибейт, бирок суу менен азеотроптук аралашманы пайда кылат, көп орг. эриткичтерде — спирт, эфир, бензол до, СНСl3, ССl4, СS2 эрийт. Өндүрүштө X. бензолду хлорлоодон (40-60oС катализатор — РеС13, А1С13 катышуусунда), буу фазасында НСl менен аба же О2 аралашмасы менен бензолду окистентип хлорлоодон (катализатор — АlС13-СuСl2 РеСl3 катышуусунда) алынат. X. фенол, 4,4-дихлорди-фенилтрихлорэтан (ДДТ), боёкторду, дары-дармек заттар синтездөөдө эриткич катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]