Хондродит

Википедия дан

Хондродит (гр. chondros - дан) - гумиттер тобундагы минерал, Mg5(SiOJ2(F, ОН)2.

Кошундулары: Ti, Fe, Mn, Al, Na, K. Сары, кызгылт сары, кызыл же көгүш жашыл түстө, айрымдары түссүз; кошундулары Fe жана Ti көп санда болсо - күрөң. Айнектей же чайырдай жылтырайт. Ачык түстүүлөрү тунук. Катуулугу 6-6,5, орточо тыгыздыгы 3,2 г/см3, морточо Туз кислотасында эрийт. Метаморфизмден, кээде магматизмден пайда болот. Доломитте, мраморго айланган акиташта калыптанып, карбонатитте, скарнда оливин, биотит, флогопит, шпинель ж. б. минералдар менен чогуу кездешет. Зергерчиликте колдонулат. Коллекция ташы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4