Хордалуу

Википедия дан
Хордалуулар‎»‎ барагынан багытталды)

Кордалуулар (лат. Chordata) - экинчи ооздуу жаныбарлар тиби.

Аларга ичеги үстүндө жаткан скелет огу - корда мүнөздүү. Бардык Кордалууларда корданын үстүндө өмүр бою сакталуучу арка нерв түтүгү болуп, андан мээ жана жүлүн пайда болгон. Сууда жашоочуларды н колкосунда метомердүү бакалоор жылчыкчалары өмүр бою сакталат, ал эми кургакта жашоочу (өпкөсү менен дем алуучулар) омурткалууларда өө рчүүнүн алгачкы стадиясында - онтогенезинде гана болот.

Алардын 3 типчеси - баш кордалуулар, челдүүлөр, омурткалуулар, 40 000дей түрү, анын 3800дөйү омурткалуулар. Алар ар түрдүү шарттарда (сууда, чөлдө, тоодо ж. б.) жашайт. Бардык Хордалуулардын түпкү теги бир болушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4