Хризоколла

Википедия дан

Хризоколла (гр. chrysys - алтын жана kolla - клей, байыркы мезгилде алтынды чаптоо үчүн пайдаланылган) - силикаттар классындагы минерал, жездин суулуу сликаты, (Си, Al)2H2Si205(OH)4 nH20.

Курамы (% менен): СиО - 42,39; Si0236,59; Н20 - 17,14; А1203 - 3,88. Кошундулары көп болгондуктан, сырткы көрүнүшү ар түрдүү. Көк же көгүш жашыл түстө, тунук эмес, айнектей, момдой же майланышкансып жылтырайт. Абдан жеңил (с. салм. 22,2 г/сж‘), катуулугу 2-4. Жез кендеринин кычкылдануу зонасында пайда болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4