Хризолит

Википедия дан

Хризолит (гр. chrysys - алтын жана İHthos - таш), перидот - минерал, магнезийлүүтемирдүү силикат, оливин минералынын зергерчиликке жарактуу тунук түрү, асыл таш, (Mg,Fe)2(SiOJ.

Изумуруддай (зумуруттай) жашылдан саргыч жашыл түскө чейинкилери кездешет. Айнектей жылтырайт. Катуулугу 6,5-7, тыгыздыгы 3,23,6 г/смг, морточо Мантия, магма, жогорку температурадагы метаморфизм жана метасомат тоо тектеринде таралган. Алмаздуу тектерде жана кен чачындысында пироп менен чогуу кездешет. Дүйнөдөгү кырдалган эң ири Хризолиттер Вашингтондогу Смитсон интунда (салмагы 310 карат), Россиянын Алмаз фондунда (192,75) жана Лондондогу геологиялык музейде (146) сакталып турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4