Хром кенташтары

Википедия дан

Хром кенташтары, хромиттер - курамында казып жана бөлүп алууга арзырлык өлчөмдө хрому бар табигый минералдардын чогундусу.

Хром кенташтарынын негизги минералдары - хромшпинелиддер жана силикаттар: плагиоклаз хромактинолит, тальк, брусит, карбонаттар, сульфиддер ж. б. Бирок өнөр жайлык маанидеги кондент-сын жалгыз гана хромшпинелиддер пайда кылат. Кендери текши жайгашкан кенташ жана сепкилдүү кенташ болуп экиге ажыратылат. Сепкилдүү кенташ кендери өз ичинен коюу сепкилдүү (хромшпинелиддин өлчөмү 50-80% ке чейин), сепкилдүү (3050%), сейрек сепкилдүү (10-30%) болуп бөлүнөт. Хром кенташтарынын арасында баалуу компоненттерден 10,5-62,0% ке чейин Сг2Оэ, 4,0-34,0% А1203, 1,0-18,0% Fe203, 7,024,0% FeO, 10,5-33,0% MgO, 0,4-27,0% SiO, кездешет. Платформа облусундагы стратиформдуу массивдерде узундугу ондогон кмте, калыңдыгы сжден мте чейин болгон кабат түрүндө жайгашат. Бүктөлүүлөргө дуушарланган аймактарда ар түрдүү өлчөмдөгү линза, тарам, шток түрүндө кезигет. Хром кенташтары пайда болуу шарты боюнча магма кендеринин тобуна кирет. Ири кендери Түркия, TAP, Финляндия, Казакстан, Зимбабве, Индия ж. б. өлкөлөрдө бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4