Хром оксиддери

Википедия дан

Хром оксиддери, курамы СrO, Cr2О3 жана СrO3 жооп берген хром менен кычкылтек бирикмелери. Хром (II) оксиди, СrО - кара кубдук, сингониялуу кристаллдар. Сууда эрибейт, ысык конц: НСl менен Н2SО4 эрийт. Хром карбонилин Сr(СО)4 ажыратуудан алынат. Саргыч күрөң түстөгү хром (II) гидроксиди Сr(ОН)2 негиздик касиетти көрсөтөт, ысытып суусуздандырганда Сг2О3 пайда болот. Хром (III) оксиди, Сr2О3 — сууда эрибеген жашыл ромбоэдрлик кристаллдар: тыгызд. 5,21 г/см3 балкып эрүү t 2275oС, пайда болуу жылуулугу DНo298 = 270 ккал/моль. Буга амфотердик касиетги көрсөткөн Сr(ОН)3 гидроксиди жооп берет. Чөгөрүү шартына жана кургатылышына жараша хром (III) оксидинин гидраттык формаларында айырма болот: Сr2О3.5Н2О, Сr2О3-4Н2О, Сr2О3.7Н2О. Щелочтуу металлдар бисульфаттары менен хром (III) сульфатын Сr2(SО4)3 же щелочтор менен кычкылтек катышуусунда балкып эритилсе, Хроматтар Ме2СrO4 алынат. Сr2О3 — жашыл, темир кошулса көк жана кара боёктор алынат. Булар жарык, от, абанын кычкылтеги таасирине туруктуу бо-лот. Мындан тышкары Сr2О3 катализаторлорго да кошулат. Хром ангидриди СrО3— кызыл ромбикалык торчолуу кристаллдар: тыгызд. 2,8 г/см3, пайда болуу жылуулугу DН°98 = 2138,4 ккал!моль. Ысытууда акырындык менен ажырай баштагандыктан, балкып эрүү t 170-196'С арасында жатат. Мындан жогору ысытканда хром бихроматы Сr2(Сr2О7)3, хром хроматы Сr2(СrO4)3 пайда болот да, ажыроосу 500°С Сr2О3 пайда кылуу менен токтойт. СrO3 нымды жакшы синирет, абада жайылып эрийт, катуу абалдагы гидраттар пайда кылбайт. Сууда эриткенде хром кислоталары эритмелери алынат. Эригичтиги температураны таасиринен аз өзгөрөт: 62,58% (20oС), 65,47% (80o). Na2О3 конц. күкүрт к-тасын Nа,Сr2О7 таасир кылганда алынат. Өтө уулуу, 1 м3 абада 0,1 мг ашпоо керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]