Хроника

Википедия дан

Хроника (гр. chronos - мезгил, убакыт)

1) окуяларды хронологиялык ирет боюнча жазуу, жылнаама;

2) турмуш чындыгы кандай болсо ошол калыбында коомдук-тарыхый, үй-бүлөлүк, турмуштук окуялардын тарыхы жазылган адабий чыгарма. Байыркы доордо жана орто кылымдарда өзгөчө өнүккөн;

3) газетанын, журналдын күндөлүк турмуш окуялар жөнүндөгү бөлүмү жана ушундай окуяларды көрсөткөн фильм.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4