Хуан де Ноба

Википедия дан

Хуан де Ноба аралы - Инди океанынын Мозамбик кысыгында жайгашкан.

Аянты 4,4 км2. Калкы 16,0 миң (2010). Борбору - Мата-Уту. Арал түштүк-батыштан түндүк-чыгышка болжол менен 5 кмге жакын созулат. Эң жазы жери 2,7 км, эң бийик жери 10 м. Аралды айланта кооптуу рифтер жайгашып, алар көптөгөн кемелердин кыйрашына алып келген. Бул жер бир нече жыл каракчылардын баш калкалоочу жайы болгон. Мисалы, аралда катылган кенчти эч ким таппайт деген уламышка ишенип, белгилүү каракчы Оливье Ле Вассер ээлеп келген. Арал XV кылымда испан саякатчысы Хуана де Нова Кастеллдин урматына аталган. Гуанонун мол запасы бар. Аны алгач 1887-1908-ж. Чыгыш Африка компаниялары, кийинчерээк Түштүк Африка жана Маврикий иштетип келген. 1897-жылдан Франция ээлиги. Учурда жылына 12 миң т казылып алынат. Хуан де Ноба Африканын ядросуз зонасы. Аралдын аймагынын 90%ине адамдын колу тие элек. Туруктуу жашаган калкы жок. Аскер гарнизону жана метеорология станциясы бар. Кыска т. ж. причалга чейин келет, анча чоң эмес учуу (уз. 1000 м) тилкеси курулган. Деңиз канаттуулары уялайт. Аралдын аймагынын 9/10укорук.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4