Хулагулар

Википедия дан

Хулагулар, Хулагилер - 13-кылымдын ортосунан 14-кылымдын ортосуна чейин Орто жана Жакынкы Чыгышты башкарган монголдор династиясы.

Ильхандар титулун алышкан. Хулагу негиздеген. Хулагулар мамлекети монголдордун феодалдык империясы кулай баштаганда түзүлүп, ага Иран, азыркы Афганистандын жана Закавказьенин көп бөлүгү, Түркменистан, Араб Ирагы жана Кичи Азиянын чыгыш бөлүгү (Кызыл-Ирмек дарыясына чейин) кирген. Грузия, Трапезунд империясы, Конья султандыгы, Киликия падышалыгы, Кипр королдугу, Курд мамлекети Хулагуларга вассал болуп, салык төлөп турган. Мамлекеттин саясий жетекчи күчү монгол жана түрк урууларынын феодал ак сөөктөрү болгон; мамлекеттик аппарат ирандын ак сөөк өкүлдөрүнөн турган.

Хулагулар мамлекетине кирген өлкөлөрдүн экономикалык оор абалы ильхан Газан-ханды (1295- 1304) бир катар админ, жана экономикалык реформаларды (жер салыгына туруктуу өлчөм коюу, сугат иштерин жүргүзүү, жер ээлерине кароосуз калган жерлерди жеңилдик менен берүү ж. б.) жүргүзүүгө түрткөн. Бирок реформага карабастан экономиканын төмөндөшү монгол жана түрк феодалдарынын ыркы кетиши борбордук бийликти начарлатып, 14-кылымдын орто ченинде Хулагулар мамлекети бытырап кеткен. Элдик көтөрүлүштөр Хулагулар мамлекетинин кулашын тездеткен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.