Хү Грант

Википедия дан

Хү Жон Мунго Грант (англ. Hugh John Mungo Grant; 1960-жылы 9-сентябрь) - англиялык актер жана режиссер. Грант тасмалары үчүн "Алтын глобус ", BAFTA жана "Сезар" ардактуу сыйлыгына татыган. Гранттын тасмалары дүйнө жүзү боюнча, 25 кинотеатрдык прокаттардан 2,4 миллиард АКШ доллардан ашык киреше чогулткан. Грант Жеймс Айворинин "Морис" (англ. Maurice, 1987) тасмасында роль аткарып "Вольпи" кубогуна татыгандан кийин көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бура баштаган, ал эми дүйнөлүк атактуулук актерго сценарист Ричард Көртистин "Төрт той, бир тажыя" (англ. Four Weddings and a Funeral, 1994) тасмасында роль аткаруусу менен келген. Грант атактуулукка алып келген ролун 1990-жылдардагы тасмаларда колдонгон, ошентип актер "Көк көздү Микки" (англ. Mickey Blue Eyes, 1999) жана "Ноттинг-Хилл" (англ. Notting Hill, 1999) тасмаларда күлкүлүү ролдорду аткарган. 1990-жылдардагы Британиянын популярдуу маданиятынын эң белгилүү жылдызы Грант британиялык жана эл аралык ММКлардын көңүл борбору болгон Элизабет Хөрли менен байланышта болгон.

21-кылымдын башында Грант өзүн сатирикалык күлкүлүү талантка ээ болгон башкы каарман катары көрсөтө билген. Грант "Брижит Жонстун күндөлүгү" (англ. Bridget Jones's Diary, 2001), "Уулду" (англ. About a Boy, 2002) жана "Америка кыялы" (англ. American Dreamz, 2006) тасмаларда тартылып өзүнүн чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн ийгиликтүү түрүндө кеңейткен. Кийинчирээк Грант өзүнүн роль аткарган стилине каршы "Булуттуу Атлас" (англ. Cloud Atlas, 2012) тасмада бир канча кичи ролдорду аткарган. Грант "Күндүн калганы" (англ. The Remains of the Day, 1993), "Акылдуулук менен сезгичтик" (англ. Sense and Sensibility, 1995) жана "Флоренс Фостер Женкис" (англ. Florence Foster Jenkins, 2016) тасмалардын эпизодторунда роль аткаруусу менен белгилүү.

Киноиндустрияда Грант анти-жылдыз катары таанымал, анткени актердун роль аткаруусу өзүнөн өзү аткарылып калган сыяктуу. Гранттын күлкүлүү жөндөмдүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрүнүн белгилери: сезимсиздик менен ирония жана сарказмды айтуусу, өзгөчө жүрүм-туруму, убагында сөзүн баштоосу жана бет булчуңдарынын кыймылдоосу. ММКдын актердун жеке жашоосу туралуу сунган маалыматтары Гранттын чыгармачылык ишине көлөкө салган. Грант актердук кесибине болгон атипатиясын, белгилүүлүктү жек көрүүсүн жана ММКга болгон кастык мамилесин ачык жарыялаган. Чыгармачылык чөйрөдө 30 жыл короткон Грант, актер болуу анын чыныгы белгиленген милдети эмес, жөн гана кокустук болгондугун айткан.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]