Х-кишилер

Википедия дан

Х-кишилер (англ. The X-Men) – Marvel Comics компаниясы басып чыгарган америкалык комикс китебинин чындыкта болбогон супер каармандардын тобу. Жазуучу Стэн Ли жана сүрөтчү/кош-жазуучу Жек Керби жараткан каармандары биринчи жолу 1963-жылы сентябрда "Х-кишилер №1" (англ. The X-Men"1) сериясында пайда болгон. Х-кишилер Marvel Comics компаниясынын эң белгилүү жана ийгиликтүү интеллектуалдык менчиги болуп саналат, алар көптөгөн китептерде, телевизиондук шоуларда жана видео оюндарда пайда болгон.

Х-кишилер – адамдын мүмкүнчүлүгүнөн жогору касиеттерге ээ болгон адамдар түркүмүнө кирген мутанттар. Х-кишилер тынчтык жана мутанттарга каршы чыдабоочулукту көрсөткөн дүйнөдөгү кадимки кишелер менен мутанттар ортосундагы теңчилик үчүн күрөшүшөт. Х-кишилерди ойлорду окуп контролдой алган күчтүү мутант-телепат профессор Х катары таанымал Чарльз Ксавье башкарат. Тартуучу талааларды жаратып контролдой алган күчтүү мутант Магнето Х-кишилердин ашынган душманы катары таанымал. Профессор Х менен Магнето мутанттар жана кадимки кишилер арасындагы мамилелер жөнүндө карама-каршы көз карашта. Профессор Х мутанттар жана кишилер ортосунда тынчтык жана түшүнүү курууга тырышса Магнето тескерисинче, адамдарды коркунуч булагы катары көрүп аларга каршы кастык мамиле кылуу керектигине ишенет бирок кээ бир учурларда өзүн Х-кишилер менен бирге кызматташтыктарда табат.

Профессор Х жөндөмдүү жаш адамдарга арналган Ксавьер мектебинин негиздөөчүсү, ал мектеп X-Mansion өзгөчөлөнгөн үйдө жайгашып бүткүл дүйнө жүзүндөгү мутанттарды өзүнө тартат. Уэстчестер чөлкөмүндө (Нү-Йорк) жайгашкан X-Mansion Х-кишилердин үйү жана машыктыруучу жайы болуп табылат. "Х-кишилер №1" серияда кезиккен беш Х-кишилер каармандары: Ангел (Архангел), Жырткыч, Циклоп, Айсберг жана Жин Грей, ошондой эле Профессор Х жана Магнето. Ошол замандан тартып ар кайсы өлкөдөн жана коомдук катмарлардан келген ондогон мутанттар Х-кишилер мүчөлүгүнө кирген.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эпизоддор тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]