Целестин

Википедия дан

Целестин (лат. caelestis - көгүлтүр асмандай) - сульфаттар классындагы минерал, SrS04.

Курамынын 56,42% ин SrO, 43,58% ин S03 түзөт. Кошунду элементтери: Са, Ва. Ромб системасында кристаллдашат. Өңү: көгүлтүр, саргыч, айрымдары түссүз, тунук; айнек сымал жылтырайт. Катуулугу 3-3,5; с. салм. 3,9-4,0 г/см3. Анча терен эмес гипергендик шартта пайда болот. Целестин чөкмө тектердин арасында кристалл, жаракаларда друз түрүндө, көпчүлүк учурда акиташ, доломит жана гипстүү тектердин арасында арагонит, кальцит, таш тузу жана таза күкүрт менен чогуу кездешет. Кыргызстанда бор жана неоген мезгилдеринин чөкмө тектеринин арасында жолугат. Целестин - стронций жана анын туздары алынуучу баалуу кенташ, пиротехникада, айнек жана карапа өндүрүшүндө, фармацевтикада пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4