Целлулоид

Википедия дан

Целлулоид (француз тилинен eidos — түр) — нитрлөө даражасы анча чоң эмес (көбүнчө 10,0-11,5% N) целлюлоза нитраты (коллоксилин) менен камфорадан турган термопласт; тыгызд. 1,32 г/см3, кислоталар менен щелочтор начар эритмелерине туруктуу, 90оС жумшарат: жарыктын же жылуулуктун узак убакыттагы таасири менен эскирет жана ажырайт. Спирт-камфора эритмесинде коллоксилин көбүүсүнөн Ц. пайда болот. 80-88oС герметикалык аралаштыргычта ингредиенттер аралаштыруудан тунук, бир тектүү масса алынат. Ашыкча эриткичти бууландыргандан кийин аны ысык түрүндө басым астында чыпкалайт да, вальцтарда иштетет. Пайда болгон анча тунук эмес материал аба көбүкчөлөрүнөн ажыратылыш үчүн жана аны андан ары иштетүүгө ынгайлуу форма (көбүнчө блок, түтүкчө түрүндө) бериш үчүн престелет. Жука түрдөгү Ц. алуу үчүн блокторду 0,1 12 мм чейинки калыңдыктагы барак түрүндө атайын жылмалоочу машинада кесишет: баракчаларга катуулукту жана беттерине жылмакайлуулукту берүү үчүн аларды кургатышат жана пресстешет. Боёлбогон Ц. айнек (триплекс) жана киносүрөтпленкалар алынат; боёлгон Ц. — ар түрдүү галантерея буюмдары, оюнчуктар, авторучканын тулкулары жана башка жасалат. Ц. күйүүгө өтө жөндөмдүү болгондуктан, аны пайдалануу азаюуда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]