Целлюлоза нитраттары

Википедия дан

Целлюлоза нитраттары, нитроцеллюлоза, нитроклетчатка — целлюлозанын азот к-нын татаал эфири, целлюлозага окшош, ак булалуу борпон масса. Ц. н. целлюлозага нитрлөөчү аралашманы (азот, күкүрт к-тасы жана суу) таасир кылуудан алынат. Процесс төмөндөгүдөй негизги стадиядан турат: целлюлозаны кургатуу, нитрлөө, к-тадан бошотуп жуу, стабилдөө жана кургатуу. Анын физ.-мех., химиялык жана технология касиеттери курамындагы азот санына жараша болот. От алуу температурасы 180-195оС. Стабилизаторду кошуу менен туруктуу абалга келтирилет. Ц. н. түрдүү максатта керектелет. Практикада Ц. н. 4 түрү колдонулат: №1-ж-а №2- пироксилиндер, пироколлодий жана коллоксилин. №1-пироксилинде 13,0-13,7% и азот болот жана ал көпчүлүк эриткичтерде эрибейт. №2-пироксилинде 12,0-12,4% азоту болот жана ал спирт менен эфир аралашмасында 90% эрийт. №1, 2-пироксилиндер аралашмасы жана пи-роколлодий (12,5-12,7% ) жарылгыч зат алууда колдонулат. Коллоксилинде 11-12% азот болот да, эфир менен спирт аралашмасында жана башка эриткичтерде эрийт, андан нитролак, кино-, фотоплёнкалар, жасалма тери, пластикалык массалар, динамит, коллодий жана башка алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]