Мазмунга өтүү

Цестоздор

Википедия дан

Цестоздор - малдын цестод тасма курттары пайда кылуучу гельминтоз ылаңдары (дифиллоботриоз, дипилидиоз, монезиоз, ценуроз, цистицеркоз, эхинококкоз ж. б.).

Ылаң козгогуч курттар (Pseudophliolae жана Cyclophellidae) кеңири таралган. Алар омурткасыз жана омурткалуу жаныбарлардын организминде өөрчүп, карын, боор ж. б-ларын жабыркатат, малдын кыймыл аракетин бузат. Малга Цестоздор жылдын бардык мезгилинде жугат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4