Цзян-гун

Википедия дан

Цзян-гун, Цзянгунь, гяньгунь – кыргыздардын байыркы этностук аталышынын көөнө кытай иероглифтеринде берилишинин бир түрү. Байыркы доордогу жана орто кылымдардагы кытай жылнаамаларында кыргыздардын улуттук (элдик) аталышы цзян-гун, цзегу, хя-гя-сы, киликицзы, булути (бурут) деп, ар бир тарыхый доордо ар башкача жазылып келген. Бирок бул өз ара айырмалуу иероглифтик айкалыштардын баары ырааттуу түрдө кыргыз элинин этностук аталышын гана чагылдырганын кытай тарыхчылары дайыма белгилеп келишкен. Азыркы түрк элдеринин ичинен кыргыздар эң байыркы аталышын азыркы күнгө чейин сактаган улут болуп саналат.


Шилтеме:

Б.Урстанбеков, Т. Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – 1990. - (ISBN 5-89750-028-2).