Цианиддер

Википедия дан

Цианиддер – синил к-тасынын туздары. Щелочтуу жана щелочтуу-жер металлдары Ц. термикалык жактан туруктуу, сууда гидролизге учурайт. Оор металлдар Ц. (Hg) сууда эрибейт. Ц. окистенип, цианаттар, күкүрт менен тиоцианаттар, галогендер менен галоген цианиддер, галоген алкилдер менен нитрилдерди пайда кылат. Щелочтуу металлдар цианиддери бул металлдар менен HCN оор металлдар Ц. алардын хлориди, сульфаты же нитрили NaCN же КСN менен аракеттешүүсүнөн алынат. Калий же натрий цианидин көпчүлүк мателлдарга таасир эткенде, комплекстүү бирикмелер пайда болот. Ошондуктан алтын, күмүш сыяктуу металлдар рудадан бөлүп алууда колдонулат. Цианиддер өтө уулуу заттар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]