Цинчжи

Википедия дан

Цинчжи – тарыхый топоним.

Ал адегенде 7-кылымдын орто ченинде кытайлык саякатчы Сюань Цзандын «Да Т ан Си юй цзи» («Улуу Тан мамлекетинин Батыш бөлүгү жөнүндө») деген эки томдуу кол жазма эмгегинде кезигет. Ал европ. (француз) тилге биринчи жолу 1857– 58-ж. которулган. Цинчжи (же Тацинчжи) – «Жалтырак көл», «Т унук көл», «Көккашка көл» (та – «чоң») деген мааниде. Сюань Цзан Кытайдан Индияга жасаган сапарында 630-ж. Ысык-Көлдү бойлоп, Чүй, Талас өрөөндөрүн аралап өтүп, аларга кыскача ж-а таамай мүнөздөмө берген: «Цинчжи – туюк көл, бардык жагынан тоолор м-н курчалган, айланасы 500 чакырым. Ага көп өзөндөр куят. Көлдүн чанагы күн чыгыштан күн батышты көздөй созулуп, түштүктөн түндүктү карай кууштайт. Суунун түсү кара көк, даамы туздуу ж-а кычкыл. Т олкуну күчтүү. Анда ажыдаар да, балык да кезигет, бирок жерг. калк аларга тийбейт, сыйынат». Сюань Цзан мүнөздөгөн Ц. Ысык-Көл экендигин айгинелейт. Топоним көлдүн чыныгы өзгөчөлүгүн билдирсе да кийин эске алынбай калган. Ошондой эле к. Жехай, Темиртунор, Тузкөл, Ысык-Көл макалаларын.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2