Цитоспороз

Википедия дан

Цитоспороз - мөмө өсүмдүктөрдү жана токой дарагын кууратуучу жугуштуу илдет.

Айрыкча данектүү мөмө өсүмдүктөргө (кызыл өрүк, шабдалы) өтө зыяндуу. Бардык жерде кездешет. Илдетти Cytospora уруусундагы мите козу карын пайда кылат. Фитопатогендүү сапрофиттер дарак кабыгынын сыйрылган жерине кирип, даракты бузат, андан чайыр агып, барабара дарак куурайт. Куураган даракта мите көп өөрчүп, жаан, шамал аркылуу башка дарактарга тарайт. Каршы күрөшүү чаралары: дарактын куураган бутактарын кыркып тазалоо, дарак сөңгөгүн актоо, бордо суюктугун чачуу ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4