Цитрус өсүмдүктөрү

Википедия дан

Цитрус өсүмдүктөрү - цитрустар уруусундагы өсүмдүк тобу.

Негизинен баалуу мөмө алуу үчүн дүйнөдө 28дей түрү өстүрүлөт. Алар - апельсин, мандарин, лимон, цитрон, грейпфрут ж. б. дайыма жашыл дарак же бадалдар. Бутагы кыска, тикендүү. Жалбырагы жонокой, бутакка тыгыз жайгашат. Гүлү ак, мала Кызыл, жыттуу. Көпчүлүгү-нымчыл, жылуучул, көлөкөчүл өсүмдүк. Мөмөсү даамдуу.

Курамында лимон кислотасы, кант, В, Р, С витаминдери, каротин бар. Жаңы кезинде желет. Шире, кыям, ликёр жасалат. Кабыгы, гүлу, жалбырагынан эфир майы алынып, парфюмерия жана тамак-аш өнөр жайында керектелет. Негизинен АКШ, Кытай, Япония, Индия, Пакистан, Австралия, Жер Ортолук деңиз боюнда өсөт.

Зыянкечтери: кокцидалар, жылтылдак кене, илдеттери: гоммоз, цитрус некрозу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.