Мазмунга өтүү

Чабалекейлер жана амазондар

Википедия дан
Чабалекейлер жана амазондар
Жазуучу Артур Рэнсом
Нукура аталышы Swallows and Amazons
Өлкөсү  Улуу Британия
Тили англис
Басмакана Jonathan Cape
Чыккан жылы 21 теке 1930

Чабалекейлер жана амазондар (англ. Swallows and Amazons) - Артур Рэнсомдун "Чабалекейлер жана амазондар" серияларынын биринчи китеби, ал 1930-жылы басылып чыккан[1], романдагы окуя 1929-жылдын жазында, Көл району (Lake district) аттуу жерде орун алган. Китептин башкы каармандары: Жон, Сузан, Титти жана Рожер Уолкер (чабалекейлер), алардын апасы менен карындашы, Ненси, Пегги Блэкет (амазонлар) жана капитан Флинт деп таанылган Жим аттуу байкеси.

Алтауняндар менен бирге жазды өткөрүп, алардын балдарын сууда сүзүүнү үйрөткөнү аны китеп жаратууга шыктандырган. Алтауняндардын үч баласынын аттары романдагы Уолкер үй-бүлөнүн балдарынын аттарына колдонулат. Рэнсом менен Эрнест Алтаунян "Чабалекей" жана "Мэйвис" (чыйырчык сыяктуу куш) аттуу эки кичинекей кайык сатып алган. Рэнсом "Чабалекей" кайыкты бир канча жылдан кийин саткан, "Мэйвис" Алтауняндарда калып, учурда Ruskin музейинде турат. Бирок кийинчирээк жазуучу Алтауняндар менен болгон байланышын көмүскөдө калтырып, башка булактарга таянган жаңы кириш сөз жазган.

2003-жылы, роман Би-би-синин сурамжылоосунун The Big Read тизмесинде 57-орунду ээлейт[2].

  • Жон Уокер – Уокерлердин улуусу жана "Чабалекей" кайыгынын капитаны.
  • Сузан Уокер – Уокерлердин экинчи улуусу жана "Чабалекей" кайыгынын жардамчысы.
  • Титти Уокер – "Чабалекейтин" тажрыйбалуу деңизчиси. Бул ат Би-би-синин алгачкы адаптациясында Китти деп өзгөртүлүп, 2016-жылдагы BBC Films адаптациясында Татти деп өзгөртүлгөн.
  • Рожер Уокер – Уокерлердин эң кичүү деңизчиси жана "Чабалекейтин" кемечиси.
  • Брижет Уокер – (карылык курагындагы королева Викториянын сүрөттөрүнө окшош болгондуктан "Вики" деген лакап ат менен белгилүү) Уокерлердин эң кичүүсү жана "Чабалекейтин" кемедеги наристеси.
  • Нэнси Блэкетт (Рут) – "Амазон" кайыгынын капитаны.
  • Пегги Блэкетт (Маргарет) – Нэнсинин кичүү карындашы жана "Амазон" жардамчысы.
  • Жеймс Тернер – Нэнси менен Пеггинин тайкеси. Балдар аны "Капитан Флинт" деп, ал эми Блэкеттер "Жим тайке" деп аташат.
  1. Muggeridge, Malcolm. Swallows and Amazons book review, 1930 – archive (21 July 1930).
  2. BBC – The Big Read, BBC (April 2003).