Чаган

Википедия дан

Чаган, Чагаан (моңголчо цаган — ак) — калмак, моңголдордун жаңы жылдагы биринчи айы. Ал мал төлдөп, ак көбөйгөн учурга туура келет. Ч. жаңы жыл майрамы:

Чаган аткан күнүндө,

Буурул түндүн түнүндө...

Чаган күнү тууду деп

Чаганбай коюп алыптыр (Сагымбай Орозбаков, 1. 213).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4