Чагылдыргыч призмалар

Википедия дан

Чагылдыргыч призмалар – призмага кирген оптикалык нурлануунун (жарыктын) призманын ичинде, аны чектеп турган жылма жалпак беттердин (грандардын) биринен же ирети менен бир нечесинен, чагылуусун мүнөздөгөн оптикалык призмалардын тобунун бири.

Көптөгөн башка оптикалык призмалар сыяктуу эле, Чагылдыргыч призмалар көпчүлүк учурда талапка ылайык накта геометриялык призма боло албайт. Ч. п. өздөрү аркылуу өткөн нурланууну жыштыктар боюнча ажыратпайт (б.а. жарыктын дисперсиясын пайда кылбайт), ал эми поляризациялык призмаларга окшоп жарыктын ачалануусун бербейт, анткени алар көбүнчө изотроптуу материалдардан жасалышат. Курчап турган чөйрөдөн Чагылдыргыч призмалар гранына кандайдыр бир бурч менен түшкөн нур кайрадан ошол эле же башка гранынан о. эле бурч менен чыгат. Көпчүлүк учурларда Чагылдыргыч призмалар грандарынан чагылуу толук ички чагылуу болот. Эгерде кандайдыр бир гранга нур чектик бурчтан кичине бурч менен түшсө, ал толук ички чагылууга дуушар болушу үчүн ошол грандын тышкы бети чагылдыруучу плёнка (күмүш, алюминий) менен капталат.

Көрүнүүчү жарыкка арналган Чагылдыргыч призмалар оптикалык айнектен; инфракызыл нурларга арналгандары – алар үчүн тунук болгон айнектин атайын сортторунан, кремнийден, флюориттен, фтордуу литийден, йоддуу цезийден ж.б.; ультракызгылт-көк нурлар үчүн – кварцтан, флюориттен, фтордуу литийден ж. б. жасалат.

Чагылдыргыч призмалар жарык агымынын багытын өзгөртүүдө, оптикалык системанын узундугун кыскартууда, сүрөттөлүштү 180°ка – бурууда же күзгүлүү чагылдырууда колдонулат. Чагылдыруучу грандарынын саны жуп болгон Чагылдыргыч призмалар (ромб, пентапризма) түз сүрөттөлүштү, так болгондору (тик бурчтуу Чагылдыргыч призмалар, Дове призмасы) күзгүлүү же тескери сүрөттөлүштү беришет. Бир нече Чагылдыргыч призмалар татаал комбинациясы бир эле убакытта бир нече кызматты (системанын узундугун жана нурлардын багытын өзгөртүү, сүрөттөлүштү буруу) аткара алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]