Чайинги тон

Википедия дан

Чайинги тон — материалынын (тери, кездеменин) сыртына металл (алтын, күмүш же болот) чайылган (жалатылган) тон, сырт кийим. "Манас" эпосу боюнча баатырлардын согуштук сырт кийими, кээде кооздолгон соот түрүндө да айтыла берет. Төштүктүн ок өтпөс тонунун (соотунун) энчилүү аты. "Манас" эпосунда Төштүктүн Көкөтөйдүн ашына келгени төмөнкүчө сүрөттөлөт.

Чайинги деген тон кийип,

Чалкуйрук сындуу ат минип,

Түпөгү жок найза алып,

Жалаң кылыч байланып (Саякбай Каралаев, 2. 12).

Түбү бу тонду Кенжеке Төштүккө бара жатканда атасы Сарыбайдан сурап жатып кийип келет. Кийин Төштүккө керек болорун билет. Төштүк жети баштуу желмогузга жөнөрдө:

Катын тону дебестен,

Чайынгини кийиңиз.

Катын аты дебестен,

Чалкуйрукту миниңиз, — деп көндүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4