Чайкалуу

Википедия дан

Чайкалуудеңизде термелүүдөн (деңиз оорусу), учакта учуудан (учуу оорусу) жана жеңил унаа же поездде жүргөн айрым кишилерде пайда болгон оорулуу абал.

Чайкалуу ички кулактын вестибуль аппаратынын узакка дүүлүгүшүнөн жана ошол убакта ички органдарда пайда болгон импульстун четки нерв системасына тийгизген таасиринен пайда болот. Айрым адамдарда Чайкалуу өңгүл-дөңгүл жолдо баратканда да пайда болот. Ч. көбүнчө неврастения менен жабыркаган адамдарда, аялдарда кезигет. Чайкалуу түрдүү дүүлүктүргүчтөрдүн (өтө жарык, ар кандай жыт жана башкалар) таасиринен күчөйт. Андыктан мындай сезгич адамдар мүмкүн болушунча түрдүү жыт чыккан бөлмөдөн алыс болгону, деңизде жол жүргөндө кеменин ортосунан орун алып, чалкасынан жатып алган оң. Көпчүлүк кишилер транспорттун бара жаткан жагына аркасын салып көпкө отура албайт, алардын алды жакты карап отурууга аракеттенүүсү же көзүн жуумп, түрдүү жыттардан оолак отуруусу абалды жеңилдетет. Чайкалууда адамдын өңү бозоруп, муздак тер басат, көңүлү айнып, башы ооруйт, кускусу келип, кусат. Айрым учурда көпкө Чайкалуудан оорулуу эсин жоготот.

Чайкалоону жеңилдетүү максатында дарыгердин сунушу менен борбордук нерв системасынын козголуусун басаңдатуучу дары (мисалы, аэрон) колдонулат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8