Чакалай
Чакалай - сырткы көрүнүшү, пайда болуу себептери, өтүүсү түрдүү тери ооруларынын жалпы аты.
Чакалайда териде ыйлаакчалар, тактар, кабыкчалар ж. б. пайда болуп, дүүлүгүп кычышат, кабыгы сыйрылып түлөйт. Медицинада айрым тери ооруларынын эки -аты катары колдонулат. Мис., экзема - суулуу Чакалай, псориаз - кабырчыктуу Чакалай, трихофития - үбөлөнмө Чакалай. ж. б.
Чакалай малдa - Trichophyton уруусуна кирген мите козу карындар козгогон жугуштуу ылан. Ылан козгогучтары сырткы чөйрөдө бир кыйла туруктуу. Алар дартка чалдыккан малдын жүнүндө 6-10 жылча, кыкта жана чылада 3-8 айга чейин, топуракта 140 күнгө чейин сакталат. Ультра кызгылт-көк нурлар, кислоталарды таасир этүү жана кайнатуу тез жугушсуздандырат. Чакалай менен жаныбарлардын бардык түрлөрү жашына карабастан ылаңдайт. Инфекция козгогучунун булагы - ылаң жана ылаңдап айыккан мал. Букма (жашыруу) мезгили 7-40 күн. Ылан малдын терисинде (көбүнчө көздүн тегерегинде, моюнунда) бозомук түстөгү, карттанган дөмпөкчөлөрдүн пайда болушу жана ошол жерлердеги жүндүн кыркылып түшүшү менен мүнөздөлөт. Кычыткы пайда болот, айласыздан акырга, мамыга кашынат, аларды ылан козгогучтары менен булгайт. Диагноз клиникалык белгилердин жана лабор. изилдөөлөрдүн негизинде коюлат. Ылаңдап айыккан малда узакка созулган, туруктуу иммунитет пайда болот. Дарылоодо майда жаныбарларга гризеофульвинди жемге кошуп (суткалык дозасы 40 мг/кг массасына) берет. Теридеги жарааттарды фунгициддик шыбалмалар (нитрофунгин, 10% түү салицил к-тасы ж. б.) менен дарылайт. Алдын алууда вакциналоо, ошондой эле фермада вет.-санит. эрежелерди так аткаруу керек.
Чакалай өсүмдүктө - мите козу карындар пайда кылуучу өсүмдүк илдети. Өсүмдүктүн жалбырак, мөмө жана өркүндөрүнүн сырткы ткандары бузулат. Чакалай менен алма, алмурут, кызылча, чие, цитрус өсүмдүктөрү жана картошка жабыркайт. Кыргызстанда алма менен алмуруттун Чакалайы бардык жерде кезигет. Мында алма менен алмуруттун жалбырагы солуп эрте түшөт, өркүндүн кабыгы көөп, жарылып кетет. Илдет күчөгөн мезгилде (жаан-чачындуу жылдары) мөмө-жемиш түшүмүнүн 6-25% и зыянга учурайт. Картошканын Чакалайы да бардык жерде таралган. Чакалайдын бул түрүн актиномицеттердин ар кандай түрлөрү пайда кылат. Мында картошканын сыртында тегерек, катуу, бир аз томпок сөөлчөлөр пайда болот. Чиенин Чакалайында мөмөсү чүрүшүп солуйт. Цитрус өсүмдүктөрүнүн Чакалайы ошол өсүмдүктөр өскөн аймактарда таралган. Чакалай өсүмдүктөргө чоң зыян алып келет. Каршы күрөшүүдө илдетке чалдыккан жалбырактарды жоготуу, илдетке туруктуу сортторун өстүрүү, күзүндө же жазында (бүчүр алганга чейин) 3-4%түү бордо суюктугу, цитрус өсүмдүктөрүнө фунгицид чачылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4