Чаканай

Википедия дан

Чаканай"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Моңгол тилдеринде Цакан (Чакан) Чаган деген антропонимдер кеңири колдонулат. Эпоним Чаганай ушул антропонимдер менен өзөктөш. Эпонимдин негизин түзгөн моңголчо цаган "ак", "ак көңүл", "кайрымдуу" жана башкалар маанини билгизет. "Манаста " жолуккан Ч. эпоними моңгол антропонимине түрк тилиндеги "ай" сөзү жалгануу аркылуу пайда болгон. "Ай" сөзү түрк элдеринин антропонимдеринин куралышында өтө кеңири учураган компонент.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4