Чакчыл
Көрүнүш
Чакчыл — натыйжаны билдирген негизги этишти айкындап, кошумча же жардамчы кыймыл-аракетти көрсөтүүчү этиштин өзгөчө формасы.
Кыргыз тилинде чакчылда
-ып (жаз+ып, оку+уп),
-а(й) (бар+а, кел+е, оро+й, көнбө+й),
-ганы (оку+ганы, жең+гени),
-ганча, -гыча (бар+ганча, кел+гиче),
-майынча (бар+ма-йынча, көр+мөйүнчө) мүчөлөрү уюштурат.
Уңгудагы үндүү жана үнсүзгө карай бул мүчөлөр да өзгөрүп турат. Чакчылдар чакты, жакты көрсөтпөйт, сүйлөмдө дайыма быштыктоочтук милдет аткарып, багыныңкы сүйлөмдө баяндооч боло алат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9