Чалагыз Исабаев

Википедия дан

Чалагыз Исабаев (1937-жылы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылында туулган - 1991) - комузчу, "Камбаркан" ансамблинин негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек синирген ишмери.

Ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык окуу жайынан, андан соң Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик искусство институтунан кесипкөйлүк билим алган.
1957-жылы Кыргыз мамлекеттик филормонияда Карамолдо Орозов атындагы кыргыз эл аспаптар оркестиринин артисти болуп чыгармачылык ишин баштаган. 15 жыл бою ошол филормонияда комузчулар оркестирин жетектеген. Анын жетекчилигинде комузчулар дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө концерт берген.
Чыгармачылыгынын андан кийинки этабы, анын Кыргызмамфилармониянын алдында "Камбаркан" ансамблинин түзүү боюнча жасалган эмгектери болуп эсептелет. Бул ансамбилди түзүү үчүн ал Кыргызстанды кыдырып изденип, аспапчы усталар О.Кенчиев, С.Айдаралиев жана сүрөтчү М.Кучкаев менен биргелешип колдонулбай унутулуп калган бир нече эски элдик аспаптарды кайра жараткан.
Ал элдик күүлөрдү, ырларды нотага жазып, аларды нота менен жазып, жаттап аткаруу боюнча эмгектенип, комуз ойноо, күү чертүү жагынан далай педагогикалак иштерди жасаган. Анын комуз музыкасына жазган ноталарында күүлөрдүн бардыгы бир тоналдуу системага салынып "Комуздун тандалма күүлөрү" аттуу китебине жарык көргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз эл музыкасы.