Чалгай

Википедия дан

Чалгай– кездеменин шынаа түрүндө бычылган түрү. Аялдардын, эркектердин үстүнкү кийимдерин (чапан, чепкен, белдемчи жана башка) тиккенде этеги кенен жана кийгенде алды жабылып калыш үчүн капталдарына чалгай салынган. Чалгай кыргыз кийимдеринин өзгөчө элементтеринин бири болуп эсептелген.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.