Чалгы
Appearance
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/0/0f/Scythe_against_hedge.jpg/220px-Scythe_against_hedge.jpg)
Чалгы — малга керектүү табигый, маданий өсүмдүктөрдү чаап жыйноодо колдонулуучу айыл чарба шайманы.
Ал миздүү чапкы, caп, тутка, тогоо жана шынаадан турат. Чапкысы темирден, учу бир аз иймекей, узундугу 60-120 см дей жасалып, жыгачка сапталат да, тогоо жана жасалган шынаа менен бекитилет. Иш убагында мезгил-мезгили менен атайын дөшүдө тапталып, кайрадан кайрак менен курчутулуп турат.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.