Чалгындар

Википедия дан
Чалгындар.

Чалгындаркуштун жүндөрү. Алар төмөнкүгө бөлүнөт – куйрук жапкыч жана канат жапкыч Ч. Узун жана бекем куйрук жапкыч Ч. куштун куйругун үстүнөн жана астынан жаап турат. Айрым пингвиндердин , төө куштардын жана арам өрдөктөрдүн узун куйрук Ч. өөрчүгөн эмес. Жапкыч Ч. тулку боюн жаап турат (көпчүлүк куштарда жалпы жаппастан, кээ бир гана жерлерин жабат - алар птеригия деп аталат), ошондой эле канаттарынын көп жерлерин. Куштун негизги чалгыны - кылчык чалгын. Ал бекем жана солкулдак келген мүйүз сөңгөктөн турат, анын эки жагынан жумшак ички жана сырткы желпүүрлөр кетет. Сөңгөккө желпүүрлөр бекиген жерин өзөгү деп аташат. Сөңгөктүн учу териге кирип, чалгындын баштыкчасына бекийт. Өзөктөн кеткен ар бир желпүүрлөр капталды көздөй өскөн чырымталдардан турат. Алардан дагы бир нече майда ичке келген экинчи даражадагы илмекчелери бар чырымталдар кетет. Ошентип ар бир чырымталдардын илмекчелери бири-бири менен чиркелешип бекип ийилчек жана жумшак келген желпүүрлөрдү пайда кылышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]