Чалов Павел Иванович

Википедия дан

Чалов Павел Иванович (2. 6. 1923, ж. т. Казак ССРи, Семипалатинск (бүгүнкү Семей) обл., Жар ма району, Черниговка айылы - 2003) - геофизик, Кыргыз ССР ИАнын корр. мүчөсү (1977), техника илимдин доктору (1970), проф. (1972).

Казак мамлекеттик университетин бүтүргөн (1954). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Кыргыз ССР ИАнын илимий кызматкери (1958-60). 1960-жылдан Кыргыз ССР ИАнын Физика жана математикалык институтунун радиометрология лабор-сынын уюштуруучусу жана жетекчиси. 1994-жьшдан КР УИАнын президиумунун кеңешчиси. Негизги илимий эмгектери ядролук геофизикага жана ядро-физикалык анализдөө методуна, ядролук геохронология методдорун изилдөөгө арналган. Ал В. В. Чердынцов менен бирдикте уран234 жана уран-238дин табигый бөлүнүш кубулушун ачкан. 200дөн ашык илимий эмгектин, а. и. 6 монография жана 5 ойлоп табуунун автору. Кызыл Жылдыз ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4