Чандалаш (Сандалаш) заказниги

Википедия дан

Чандалаш (Сандалаш) заказнигиЧаткал районунун аймагындагы аңчылык заказниги.

Чандалаш суусунун жогорку агымында. Аянты 35 миң га. Сейрек кездешүүчү айбанаттар мекендеген аймакты коргоо максатында 1975-ж. уюшулган. Заказниктин бийик тоолуу бөлүгүн, Пскем, Талас Алатоосу ж-а Чандалаш кырка тоолорунун капталдарын аркар, тоо теке, илбирс, бүркүт, көк жору, ак кажыр, улар, Чандалаш суусунун өрөөнүн ж-а тоо этектерин доңуз, сүлөөсүн, аюу мекендейт. Чандалаш (Сандалаш) заказнигиндеги айбанаттар м-н куштардын 9 түрү Кырг-ндын Кызыл китебине катталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2