Чапек Карел

Википедия дан

Чапек Карел (9. 1. 1890, Мале-Сватонёвице - 25.12. 1938, Прага) - 20-кылымдагы белгилүү чех жазуучусу жана драматург.

1915-ж. Прага университетин бүткөн. Чыгармалары 1907-жылдан жарыялана баштаган. «R. U. R» (1920), «Макропулостун амалы» (1922) деген социалдык фантастикалык пьесалар менен сатиралык аңгемелеринде бурж. коомдун карама-каршылыктарын чагылдырган. «Гордубал» (1933) повестинде «кичинекей адам» тагдырын көрсөткөн. «Саламандралар менен согушуу» (1936) фантастикалык романы, «Ак оору» (1937), «Эне» (1938; Кыргыз академиялык драма театрында коюлган, 1974) пьесаларында адамгерчиликсиздикти, фашизмдин расалык теориясын сатиралык мүнөздө чагылдырган. Чыгармалары социалдык фантастиканын өнүгүшүнө таасирин тийгизген. Анын чыгармалары боюнча кинофильмдер тартылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4