Чапкылдыктар

Википедия дан

Чапкылдыктар (чапколдуктар) - ичкиликтер (Булгачылар) уруулук тобундагы уруунун аталышы.

Этнонимдин мааниси кыргыздын ичкиликтер диалектисинде «сол кол тараптагылар», «сол канаттагылар» дегенди туюнтат. Бул уруу ичкиликтер уруулук тобунун генеалогиялык схемасында өзгөчөлөнгөн абалда турат. Уруунун келип чыгышы жөнүндө санжырачыларда бирдей пикирлер жок. Айрым санжырачылар чапкылдыктарды оң канатка, кай бирлери сол канатка кошуп жүрүшөт. Айрым изилдөөчүлөр бул урууга арналган атайын иликтөөлөрдө айрым булактарга таянып, чапкылдыктарды чекир саяк уруусундагы чапкынчылар менен генетикалык жалпылыкта караган пикирлерин айтышат. Арийне, соңку иликтөөлөр чапкылдыктардын эзелтеден ичкиликтер уруулук тобунун курамында болуп келгендигин айгинелөөдө.


Чапкылдык уруусу: Жапар, Тайлакы, Бакыбек, Салимбек, Дидар, Асанали, Калтатай, Имамшайык, Каландар, Карапорчо болуп, 10 уруктан турат. Чапкылдыктар илгертен Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунун аймагында, Тажикстандын Согду облусунун Исфара, Канибадам, Гафуров жана Жабар Расулов райондорунун аймагында, Өзбекистандын Ташкент облусуна караштуу Бөкө, Паркент, Газалкент, Жогорку Чирчык райондорунун аймагында, Фергана облусунун Кокон шаарынын айланасында, Яззаван жана Багдад райондорунун аймагында, Наманган облусунун Нарын районунун аймагында жайгашкан. Ошондой эле Бишкек шаары жана Чүй облусунун Карабалта шаары жана Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, Панфилов райондорунун аймагында жашап келишет. Кыргызстан аймагында чапкылдыктардын жалпы саны 60 миндей. Тажикстанда мурда 20 миндей болсо, азыр болгону 8 миндей чапкылдык бар. Ал эми Өзбекистанда чапкылдыктардын саны болжол менен 65минден 100минге чейин болот. 2023-жылдын 17-октябрында Бишкек шаарында Чапкылдык уруусунун 4-Курултайы болуп өттү. Курултайда Чапкылдык уруусунун расмий санжырачысы Акматали Ормошов чапкылдыктар тууралуу баяндама жасады. Ошондой эле «Чапкылдыктар» жана «Чапкылдыктар баяны» деген Орунбай Ахмедовдун калемине таандык китептердин бет ачаары болду. Чапкылдык уруусу боюнча тарыхый булактар. Чапкылдыктар боюнча алгачкы жазма булактар Падышалык Россиянын тушунда орус окумуштуулары тарабынан жазылган А.А. Кушакевичтин «Сведения о Ходжентском уезде»(1871), А.П. Федченконун «Путешествие в Туркестан» (1875) Н.С. Лыкошиндин «Чапкуллукская волость Ходженского уезда»(1906), В.Н. Зайцевдин «Памир - центр Туркестана»(1903), эмгектеринде учурайт. Жогорудагы орус окумуштуулары бардыгы чапкылдыктарды ичкиликтер тобуна кирген кыргыздын өзүнчө уруусу экендигин жазып кетишкен. Ошпединститунун тарых факультетинин бутуруучусу Орунбай Ахмедов 1990-жылы «Ош областынын туштук-батыш райондорунун калкынын этникалык тарыхы(Чапкылдык уруусунун мисалында)» деген темада дипломдук ишин коргогон. Кыргыз окумуштууларынан белгилүү тарыхчы, этнограф, тарых илиминин доктору Олжобай Каратаев өзүнүн 2003-жылы жарык көргөн «Кыргыз этнонимдер сөздүгү» деген китебинде чапкылдыктар кыргыздын ичкиликтер тобуна кирген өзүнчө уруу деп жазат. Ушундай эле ойду атактуу географ окумуштуу, география илимдеринин доктору Курманали Матикеев да 2004-жыл басмадан чыккан «Кыргызстандын тарыхый географиясы» деген китебинде жазып, чапкылдыктардын бир бөлүгү Иран тарапка ооп кеткендигин билдирет. Кыргыздын ичкиликтер тобуна кирген кыргыз урууларынын тарыхы менен санжырасын изилдеп, иликтеген белгилүү санжырачы Сабыт Саттаров «Лейлек тарыхы» (2004), «Абат тарыхы,санжырасы жана ичкилик кыргыздар»(2009) деген эмгектеринде чапкылдыктар ичкиликтер уруулук бирикмесине кирген кыргыздын 40 уруусунун бири деп баса белгилейт. Ушундай эле пикирди белгилүү санжыра иликтөөчү, ичкиликтер тарыхын изилдеген Камил Орозбаев «Ичкилик элинин тарыхы»(2020) деген китебинде жазып кеткен. Мындан башка чапкылдык уруусунун өкүлдөрү тарабынан да жазылган китептерде макалаларда чапкылдык уруусу кыргыз тарыхында өз орду бар уруу экендигин тастыктаган ой-пикирлер айтылган. Айрыкча Акматали Ормошев өзүнүн макалалары жана Каримов Жоошбай менен бирге жазган «Маргун баяны» (1995), «Чапкылдыктар, Чапкынчылар санжырасы»(2009) эмгектеринде бул ойду баса белгилеп кеткен. Жолдошбай Малабаев, Кочкор Батыров, Орунбай Ахмедов, Жунус Анарбаев жана башкалар да чапкылдыктар кыргыздын өзүнчө уруусу экендигин белгилеп, жазышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.
  • Ахмедов, Орунбай. Чапкылдыктар. Бишкек 2023.
  • Ахмедов Орунбай. Чапкылдыктар баяны. Бишкек 2023.