Чапчыма ашуусу

Википедия дан

Чапчыма ашуусу Чаткал кырка тоосунун борбордук бөлүгүндө. Ала-Бука жана Чаткал райондорунун чегинде.

  • Деңиз деңгээлинен бийиктиги 2841 м.
  • Талаа жана шалбаа өсүмдүктөрү басымдуу.
  • Кар калың түшкөн жылдары ашууну күрткү басып, жол катнаш начарлайт.
  • Ашууда жол эксплуатациялоо участкасы (ДЭУ), түндүк бетинде Ангрен метеостанциясы бар.
  • Ашуудан Касан-Сай жана Чаткал өрөөндөрүн байланыштыруучу авмомобиль жолу өтөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6